Чжоу - байыркы кытай тарыхындагы мезгил (болжол менен б. з. ч. 1045256) же кытай династиясы.

Ся (болжол менен б. з. ч. 2070-1765), Шан (болжол менен б. з. ч. 1600-1027) династияларын алмаштырган Ч. доору 770 жылга жакын созулган. Алгачкы мезгили эрте (батыш) Ч. (болжол менен б. з. ч. 1045-771), кийинкиси Соңку (чыгыш) Чжоу (б. з. ч. 771-256) деп аталып, чыгыш Чжоу «Чуньцю» жана «Чжаньго» династияларына бөлүнөт. Археол. изилдөөлөргө караганда Чжоу династиясынын мезгилинде темир куралдарын колдонуу күчүнө кирип, алгачкы борбору Вэйхэ суусунун боюнда орун алган Хао ш. болуп, чыгыш Чжоу доорунда ал Ло-и (азыркы Лоян) шаарына көчүрүлгөн. Чжоу династиясынын тушунда филос. мектептер, адабият жана музыкалык өнөрү өнүккөн. Чжоунун ордуна Цин династиясы (б. з. ч. 256-206) келген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4