Чжоу Эньлай (5. 3. 1898, азыркы КЭР, Цзянсу провинциясы, Хуайань округу, Шаньян ш. - 8. 1. 1976, Пекин) - саясий жана мамлекеттик ишмер, КЭР мамлекеттик кенешинин 1-премьер-министри (1949-76).

Тяньцзиндеги (Кытай) Нанькай орто мектебин бүтүргөн (1923). КПКнын сунушу менен ГуандунГуансий партиялык к-тинин секретарынын милдетин аткарып (1924), КПКнын 2-съездинде (1934) Кызыл армиянын аскердик революциялык кеңешинин төрагасынын орун басары, штаб начальнигине (1934-35) дайындалган. КПК БКнын гоминьдан өкмөтүндөгү өкүлү (1937-45), КПК БКнын төрагасынын орун басары (1956-66, 1973), тышкы иштер министринин кызматын аткарган (1949). Ж. Неру менен бирге тынчтыкта жанаша жашоонун беш принцибин («панча шила») иштеп чыгып (1954), Азия жана Африканын 29 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышкан Бандунг конференциясын (Индонезия) уюштуруу жана өткөрүүдө (1955) чон роль ойногон. Чжоу Эньлайдын батыш өлкөлөрү менен байланыш түзүүнү кайрадан жандандыруу идеясын кийин Ден Сяопин да пайдаланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4