Чиангмай университети (тай. มหาวิทยาลัยเชียงใหม่) — Чиангмай провинциясындагы мамлекеттик илимий-изилдөө университети. 1964-жылы негизделген бул университет Тайландтын аймактарындагы жана түндүгүндөгү биринчи университет болуп саналат[1].

Чиангмай университети
(CMU)
Расмий аталышы

тай. มหาวิทยาลัยเชียงใหม่

Эл аралык аталышы

англ. Chiang Mai University

Урааны

"Attānaṃ Damayanti Paṇḍitā"

Негизделген жылы

1964-жыл 18-июнь

Түрү

Коомдук, улуттук

Президенти

Понгрук Срибандитмонгкол

Студенттери

38 269 (2023)

Специалитети

10,080 (2022)

Докторлору

2 680 (2022)

Профессорлору

Чиангмай, Тайланд

Юридикалык дареги

Хуай-кэу к., 239, Муанг район, Чиангмай, 50200 (239, Huaikaew Road, Muang District, Chiang Mai, 50200, Thailand)

Сайты

cmu.ac.th

Чиангмай университетине кире бериш жер
Негизги кампустун жанында жайгашкан Анг Каеу суу сактагычы
Sala Dharma компусу
Тил институту

Чиангмай университети 1958-жылы кабыл алынган аймактардагы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик пландын негизинде түзүлгөн. Дойсутхеп тоолорунда жайгашкан университеттин башкы кампусу 1964-жылы 18-июнда ачылып, алгач университеттин курамында 3 факультет болгон — табигый илимдер факультети (คณะวิทยาศาสตร์), гуманитардык факультет (คณะมนุษยศาสตร์) жана социалдык илимдер факультети (คณะสังคมศาสตร์)[2].

Азыр Чиангмай университетинин курамына 4,2 чарчы км аймакты ээлеп жайгашкан 4 кампустагы 21 факультет, 1 мектеп, 3 колледж жана 3 институт кирет.

2018-жылы университетте 35,000 ден ашуун студенттер билим алган (29 000 бакалавр, 5 000 магистрант, 250 ординатор жана 1 400 аспирант)[3]. Студенттер бардык кампустарда жайгашкан жатаканалар менен камсыздалат[4].

Факультеттер

түзөтүү

Университетте 20дан ашык факультеттер бар[5]. Университеттин курамындагы факультеттер жана мектептер 4 топко бөлүнөт[5]:

Социалдык-гуманитардык топ

түзөтүү
  • Педагогика факультети (тай. คณะศึกษาศาสตร์)
  • Юридикалык факультет (тай. คณะนิติศาสตร์)
  • Бизнести башкаруу факультети (тай. คณะบริหารธุรกิจ)
  • Политология жана мамлекеттик башкаруу факультети (тай. คณะรัฐศาสตร์และรัฐประศาสนศาสตร์)
  • Социология факультети (тай. คณะสังคมศาสตร์)
  • Массалык коммуникациялар факультети (тай. คณะการสื่อสารมวลชน)
  • Гуманитардык факультет (тай. คณะมนุษยศาสตร์)
  • Көркөм-өнөр факультети (тай. คณะวิจิตรศิลป์)
  • Экономика факультети (тай. คณะเศรษฐศาสตร์)
  • Социологиялык изилдөө институту (тай. สถาบันวิจัยสังคม)

Табигый-технологиялык топ

түзөтүү
  • Табигый илимдер факультети (тай. คณะวิทยาศาสตร์)
  • Инженерия факультети (тай. คณะวิศวกรรมศาสตร์)
  • Архитектура факультети (тай. คณะสถาปัตยกรรมศาสตร์)
  • Айыл чарба факультети (тай. คณะเกษตรศาสตร์)
  • Айыл чарба өнөр жайы факультети(тай. คณะอุตสาหกรรมเกษตร)
  • Искусство, медиа жана технологиялар колледжи (тай. วิทยาลัยศิลปะ สื่อ และเทคโนโลยี)
  • Деңиз илимдери жана деңиз менеджменти институту (тай. วิทยาลัยการศึกษาและการจัดการทางทะเล)
  • Биомедициналык инженерия институту (тай. สถาบันวิศวกรรมชีวการแพทย์)
  • Табигый-технологиялык илим-изилдөө институту (тай. สถาบันวิจัยวิทยาศาสตร์และเทคโนโลยี)

Саламаттыкты сактоо илимдер тобу

түзөтүү
  • Медицина факультети (тай. คณะแพทยศาสตร์)
  • Стоматология факультети (тай. คณะทันตแพทยศาสตร์)
  • Фармацевтика факультети (тай. คณะเภสัชศาสตร์)
  • Медайымдарга билим берүү факультети (тай. คณะพยาบาลศาสตร์)
  • Медициналык технологиялар факультети (тай. คณะเทคนิคการแพทย์)
  • Ветеринария факультети (тай. คณะสัตวแพทยศาสตร์)
  • Коомдук саламаттык сактоо факультети (тай. คณะสาธารณสุขศาสตร์)
  • Ден соолук илим-изилдөө институту (тай. สถาบันวิจัยวิทยาศาสตร์สุขภาพ)

Дисциплиналар аралык топ

түзөтүү
  • Эл аралык санариптик инновациялар институту (тай. วิทยาลัยนานาชาตินวัตกรรมดิจิทัล)
  • Магистранттар жана аспиранттар университеттин жогорку мектеби (тай. บัณฑิตวิทยาลัย)
  • Чет тилдер институту (тай. สถาบันภาษา)

Эл аралык мамилелери

түзөтүү

Университет тажрыйба алмашуу программаларына кызыккан бардык чет элдик студенттерге жана изилдөөчүлөргө стажировкадан өтүү үчүн бир семестрдик программаларды жана жылдык программаларды сунуштайт[6]. Таиландтык жана чет өлкөлүк абитуриенттерге ар кандай бакалавриат[7], магистратура жана аспирантура багытындагы окуу программалары боюнча тай жана англис тилдеринде билим берет[8].

Рейтинг

түзөтүү
  • Time Higher Education 2018-жылкы версиясына ылайык, Чиангмай университети Таиландтын ЖОЖдорунун арасында 5-орунда, Азия университеттеринин арасында 201-250-орунда жана дүйнөлүк ЖОЖдордун арасында 801-1000-орунда турат[9].
  • QS Top Universities 2018-жылкы версиясына ылайык, Чиангмай университети Таиландтын ЖОЖдорунун арасында 4-орунда, Азия университеттеринин арасында 112-орунда жана дүйнөлүк ЖОЖдордун арасында 651-700-орунда турат[10].

Булактар

түзөтүү

Тышкы шилтемелер

түзөтүү