Чикаго Университети (англ. University of Chicago) - Иллинойс штатындагы Чикагодо жайгашкан жеке изилдөө окуу жайы болуп саналат. Ал көптөгөн улуттук, эл аралык рейтингдерде жана өлчөмдөрдө жогорку орундарда турат.

Чикаго Университети.

Бул университет 1890-жылы түзүлгөн, ал беш академиялык изилдөө бөлүмдөрүнөн, жети кесиптик окуу уюшулган колледждеринен, ар кандай магистратуралык жана ич аралык комитеттерден турат. Көркөм өнөрдөн жана илимден тышкары, Pritzker School of Medicine, Booth School of Business, Law School, School of Social Service Administration, Harris School of Public Policy Studies, Divinity School жана Graham School of Continuing Liberal and Professional Studies мектептери менен да белгилүү. Азыркы учурда университеттин колледжинде 5,700 студент , ал эми окуучулардын жалпы саны болжол менен 15000ге барабар.

Чикаго университетинде көптөгөн белгилүү бүтүрүүчүлөрү бар. Окуучулар, мугалимдер жана кызматкерлер арасында 92 Нобель сыйлыгын алып, дүйнөдөгу мекемелердин арасынан төртүнчүсү болуп эсептелинет. Ал эми MacArthur “Genius Grant” сыйлыгын 34 мугалим, 16 бүтүрүүчүлөр алышкан. Андан тышкары бүтүрүүчүлөрдүн арасында 51 Rhodes Scholars мүчөлөрү, 23 Marshall Scholars мүчөлөрү, 9 Fields медалисттери , 20 National Humanities медалисттери, 13 миллиардери, Америка Кошмо Штаттарынын Конгрессинин мүчөлөрү жана дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнүн мамлекет башчылары бар.

Тарыхы түзөтүү

Кампустары түзөтүү

Жетекчилиги түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү