Чилде - кыштын эң суук жана жайдын эң ысык кырк күнү.

Күн асман экватор сызыгынан алыстаган мезгилдерге туура келет. Кышкы чилде Күн эклиптиканын эң түштүк чекити аркылуу өткөн маалдан, б. а. 22-декабрдан (Күндүн абдан узарып бүткөн мезгилинен) баштап түшөт. Бул күн астрономиялык кыштын башталышы болуп саналат. Кышкы чилде 40 күнгө созулуп, февралдын башында (3-4-февралда) чыгат. Чилде чыккандан кийин мезгил «апкыт» деп аталып, суук дагы 5-6 күнгө кармалат (ушуга байланыштуу кыргыздарда «апкыт-сапкыт алты күн, атаны кокуй катыгүн» деген лакабы да бар).

Жайкы чилде Күн эклиптиканын эң түндүк чекити аркылуу өткөн маалдан, башкача айтканда 21-же 22-июндан кийин (25-июнь) башталат, бул күн түндүк жарым шарда астрономиялык жайдын башталышы деп эсептелинет; эң узун күн, эң кыска түн болгон маалдан эки-үч күндөн кийин чилде түшөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2