Чокунак (чокун + ак / турак, жатак сымал.) Чиркөө (грек kyriakё – кудайдын үйү) – 1. христиан динине ишенгендердин диний ырым-жырымдарды өткөрүүчү жайы; 2. бирдей диний көзкараштагы уюм же союз. Христиан дининдегилер 11-кылымда экиге: чыгышы – греко-православиелик, батышы – римдик-католиктик болуп бөлүнүшкөн. 16-кылымда Батыш европада реформациялык кыймылдардын күчөшүнүн негизинде, католик чиркөөлөрүнөн: лютеран, кальвинизм, англикан жана башка чиркөөлөр бөлүнүп чыккан.

Чиркөө

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.