ЧитаРоссиядагы шаар. Забайкалье крайынын адм. борбору.

Чита д-нын Ингода д-на куйган жеринде жайгашкан. Калкы 333 миң (2024). Жолдор тоому. Т. ж. бекети. Аэропорту бар. Энергетика, машина куруу, металл иштетүү, жыгаччылык, эмерек, жеңил, тамак-аш, курулуш материалдар ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын чегинен көмүр казып алынат. ЖОЖ (а. и. мед. академия), ИИИ, театр, музей (а. и. A. К. Кузнецов атындагы край таануу), тарыхый-маданий эстеликтер ж. б. бар. 1653-ж. негизделип, 1851-жылдан шаар. Ч-га 1826-30-ж. декабристтерди сүргүнгө айдаган. 1920-22-ж. Ы. Чыгыш Респ-нын борбору болуп турган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4