Читтагонг - Бангладештин түштүк-чыгышындагы шаар.

Читтагонг

Читтагонг облусунун адм. борбору. Бенгал булуңуна жакын (15 км аралыкта) жайгашкан. Карнапхули д-ндагы өлкөнүн башкы порту (жылына 15 млн т жүк ташылат). Калкы 3,9 млн (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Ири өнөр жай борбору. Металлургия, машина куруу (кеме куруу жана оңдоо, электр-техникалык ж. б.), металл иштетүү, нефть ажыратуу, текстиль (жут, кебез-кездеме), химиялык, тамак-аш, цемент, фармацевтика ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, Кадами-Мубарак (12-к.) жана Жами (17-к.) мечиттери бар. 1-кылымдан белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4