Чобдор өтүк — каңылтыр темирлер менен капталган өтүк. Чобдор — жүбадар ("жүбө" — найза өткүс калак, темир, "дар" — бар) деген сөздөн алынган. Демек, темир бастырылган ок найза өткүс өтүк. "Манас" эпосунда Алмамбеттин өтүгү: "туюк өтүк, кончу кең, чобдор өтүк такасыз" (Сагымбай Орозбаков, 4. 68), — деп сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4