Чогори, Годуин-0 стен, Дапсанг Кара-Корум тоо системасындагы бийик чокулардын бири.

Чогори

Бальторо кырка тоосунда Кашмир (Индия) менен Кытайдын чек арасында, Гималайдын түндүк-батышында жайгашкан. (бийиктиги (8611 м ) боюнча Жомолунгмадан кийинки 2-чоку. Ири мөңгүлөр (Балторо ж. б.) бар. Чокуга алгачкы жолу 1954-ж. 31-июлда итал. альпинисттер, 1986-ж. аялдардан алгачкылардан поляк Ванда Руткевич, 1996-ж. орус альпинисттери (Иван Душариндин жетекчилиги астында) чыккан. 2008-жылдын ортосуна чейин 284 адам (а. и. 66сы набыт болгон) чокуну багындырган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4