(АЛМАШ)

Акын Алматай Чойбекова Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында 1947-жылы 8-августта туулган. 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн (сырттан окуп) аяктаган.
Эмгек жолун 1965-жылы Фрунзедеги «Чолпон» бут кийим фирмасында жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1968-жылдан Токтогул районунун Суу чарба башкармалыгында кызматкер, 19731975-жж. Ош облусунун кыргыз драмтеатрында актриса, 19751978-жж. Токтогул районундагы Чоң-Арык айылындагы Энгельс атындагы орто мектепте пионердик тарбиячы, 1978-жылы Кыргыз ССРинин Мамтелерадиокомитетинин штаттан тышкаркы кабарчысы болуп эмгектенген. Анын биринчи «Ак булут» аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарыкка чыккан.
1981-жылдан СССРдин Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Ак булут: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1979.–56 б.

Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1983.–80 б.

Өмүр салтанаты: Ырлар. – Ф.: Кыргызстан, 1987. – 72 б.