Чокмор уулу Мамбет (1896–1973) Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Корумду айылынан, бугунун кыдык уруусунан чыккан 1896-жылы туулган. Анын өнөр аркалап калышы башка манасчыларга окшош болгону менен, өзгөчөлөнүп турган жактары да бар. Өз айтымына караганда, ага баатырлар өң менен түштүн ортосунда, болбосо, кадимкидей эле ойгоо кезинде жолуккан. Жыйырма жаш курагында “Тастар-Ата” деген жерде уй минип кой кайтарып жүргөн жеринен сырдуу окуяга кабыл болот. Ал көк туу көтөргөн көп кошуунду көрөт. Алардын арасынан бирөө бөлүнүп чыгып: “Бизди тааныйсыңбы?” – дегендей өктөм үн чыгарат. Мамбет тааныбастыгын айтканда: “Найза менен сайып ташта!” – деген өкүм үн чыгат. Анан бирөө жанына келип, иштин жайын түшүндүрүп, Манасты тааныштырып: “Эми сен “Манас” айтасың!” – деп, төшүнө мөөрүн басат. Ошондон тартып, өзүнчө жалгыз калганда “Манас” айта баштайт. Кокус бирөө-жарым көрүп калса, эстен танып жыгылчу болот. Акыры кыйналып, бир ныптасы иштебей шал болуп да калат. Анын оорусунун себебин аңдаштырып билген Тыныбектин шакирти, өзүнүн таекеси Деңизбай (Дөңүзбай) эл арасына алып чыгып айттырып, ошондон тартып иши оңолуп, илдети жоголуп, эл аралап “Манас” айтып калат.

Мамбет өзү эч бир манасчыдан үлгү албагандыгын, аны бирөөдөн үйрөнүүгө, же жаттап алууга болбостугун баса белгилеп, айтып жүрчү экен. Тоң жергесиндегилер кадимки Карала уулу Саякбай Мамбетти көрсөтүп: “Бул киши бар жерде мен Манас айтпайм!” – деп айтканын аңыз кеп кылып калышат. Чокмор уулу Мамбет айткан “Манас” негизги өзөк окуялар окшош болгондугуна карабай башка варианттардан бир топ айырмачылыктарга ээ. Ага Манастын Алтайда эмес, Арстанбапта төрөлгөн бир эле мисалын айтсак жетиштүү. Чокмор уулу Мамбеттен “Манас” үчилтигинин бөлүмдөрү уулу Касымбек, келини Каналкан “Манас” секторунун кызматкерлери тарабынан (Э.Абдылдаев, С.Бегалиев, К.Кырбашев, М.Мамыров, С.Алиев, Р.Сарыпбеков ж.б.) 1959-1972-жылдар аралыгында “Манастан” – 302 608 сап ыр, “Семетейден” – 71 609 сап ыр, “Сейтектен” – 23 340 сап ыр жазылып алынган.

Чокмор уулу Мамбет 1973-жылы дүйнөдөн кайткан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү