Чоконун көлү, Аккөл Тескей Алатоонун түндүк капталындагы Жууку суусунун башында жайгашкан.

Чоконун көлү
Деңиз деңгээлинен бийиктиги

3755 м

Узундугу

3,2 км

Туурасы

0,430 км

Аянты

0,84 км²

Көлөмү

2,75 млн км³

Эң терең жери

10,6 м

Тунуктугу

1,7 м

Чыккан дарыялар

Жууку

Жууку көлүнөн 600 м чыгыш тарапта. Деңиз деңг. 3755 м бийиктикте, Жууку ашуусуна жакын жатат. Уз. 3,2 км, эң жазы жери 430 м. Аянты 0,84 км2. Эң терең жери 10,6 м. Суусунун көлөмү 2,75 млн м3. Түсү чаңгыл жашыл, тунуктугу 1,7 м. Жээк тектирлеринен улам мурда көл чанагы дээрлик чоң аянтты ээлегендиги даана байкалат. Азыркы мезгилде өтө кичирейген. Көл мөңгүнүн жылышынан пайда болгон. Трансгрессия мезгилинде көл жаткан тепши сымал өрөөндү мөңгү ээлеп жаткан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2