Чокошева Бурулкан Сапаровна

Чокошева Бурулкан Сапаровна

И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин Кыргыз жана орус тилдерин башталгыч мектепте окутуунун технологиясы кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин кандидаты Чокошева Бурулкан Сапаровна 1956-жылы 1-октябрда Чүй областынын Кант районундагы Узун-Кыр айылында туулган. Кант районундагы «III Интернационал» орто мектебин 1973-жылы бүтүргөн жана ошол эле жылы «ССРдин 50-жылдыгы» атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине кирип, аны 1978-жылы аяктаган. 1978-1988-жылдары Панфилов районундагы А. Осмонов атындагы орто мектепте башталгыч класстардын жана кыргыз тили, адабияты мугалими, Элге билим берүү бөлүмүндө методист болуп эмгектенген. 1984-1988-жылдары Кыргыз илим изилдөө педагогика институнун аспирантурасында окуган. 1988-жылдан азыркы учурга чейин И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекетик университетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, профессор болуп эмгектенип келе жатат. Педагогикалык ишмердүүлүгү менен илим изилдөө ишин айкалыштырып, «Башталгыч класстарда сын атоочту окутуунун методикасы» аттуу темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Болочок башталгыч класстардын мугалимдерине билим берүүгө, башталгыч билим берүүгө арналган 2 монографиясы, 3 окуу китеби, 4 методикалык колдонмо, 3 типтүү программасы, 4 окуу куралы жарык көргөн. Авторлоштукта жазылган «Кыргыз тили» окуу китептери жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмолору республикабыздын мектептеринде пайдаланылып жатат. Республикадагы башталгыч класстардын алдыңкы мугалимдеринин иш тажрыйбаларын жайылтуу максатында И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетин бүтүрүп, үзүрлүү эмгектенип жатышкан мугалимдердин өмүр таржымалын, иш тажрыйбасын чагылдырган «Билим башаты-башталгыч класс» аттуу жыйнакты түзүүгө катышкан. ЮСАИДдин «Сапаттуу билим» долбоорунун алкагында авторлоштукта түзүлгөн «Окуп уйрөнүүдөн күтүлүүчү натыйжалар» аттуу методикалык колдонмону « Инсанга багытталган окутуу боюнча сабактардын жыйнагын» иштеп чыгышкан. Педагогика тармагындагы үзүрлүү эмгеги үчүн «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси, И. Арабаевдин юбилейлик медалы, КР элге билим берүү министрлигинин Ардак грамотасы, КР эл чарба жетишкендиктер көргөзмөсүнүн жана «ЕDNЕТ» Эл аралык уюмунун дипломдору менен сыйланган. Учурда «Башталгыч класстарда кыргыз тилин текстке байланыштуу окутуунун технологиясын моделдештирүү» аттуу доктордук диссертациясынын үстүндө иштөөдө.