Чокутоонун эң бийик жери.

Аконкагуа чокусу.

Чоку конус, кумпа, пирамида, тектир ж. б. сымал болот. Бийик тоолордогу чокулардын көбү мөңгү менен капталган. Дүйнөдөгү эң бийик чоку Гималайдагы Жомолунгма, бийиктиги 8848 м, Кыргызстандагысы - Кантеңир тоо тоомундагы Жеңиш чокусу, 7439 м. Топонимдин бир компоненти катары да кеңири таралган, мис., Талас Алатоосундагы Чокуташ ашуусу жана чокусу, Өзгөн районундагы Чокуташ кыштагы, Ачаташ кырка тоосундагы Чокусаз чокусу ж. б.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2