Чолпон-Ата баткак кени Ысык-Көл районунда, Чолпон-Ата шаарынын жанында, Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги булуңда. 1963-ж. табылган. Кен 1–6 м тереңдиктеги көл суусунун астында 3 катмар болуп жатат: үстү калыңдыгы 0,5 м күкүрттүү суутек жыттанган кара илээшкек, орточо калыңдыгы 0,8 м кара күрөң илээшкек, асты 1 мге чейинки калыңдыктагы боз илээшкек ылай. Алардын физикалык-химиялык касиеттери ар башка. Кара илээшкек ылайдын нымдуулугу 42,6 – 65%, ал эми кара күрөң жана боз илээшкек ылайдыкы – 34,5–36,3%. Салыштырма салмагы кара түстөгүсүнүкү 0,08–1,59%. Күкүрттүү суутек кара ылайда 0,234%, органикалык заттар 1,39%. Баткактын минералдануусу 0,9–2,9 г/л, рН 8,2–8,3. Запасы 26,1 миң т. Дарылоо мекемелери пайдаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү