Чомой мөңгүсү - Борбордук Теңир-Тоодогу Акшыйрак тоо тоомунун түш.-чыгыш капталында.

Ээрташ суусунун оң куймасы Чомойдун төрүндө жайгашкан. Уз. 5,1 км, аянты 10,3 км2, көлөмү 1,7 км3. Абляция облусунун аянты 3,2 км2. Башы деңиз деңг. 5040 м, этеги 3600 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4250 м. Фирн облусу эки камералуу жайык циркте. Оң жагындагы камерадан муздун негизги бөлүгү куралат. Кийинки 50 жылда өзгөргөн эмес.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2