Чомо Асыран уулу (1879, Алай өрөөнү, Шалба айылы- 1924, Алай өрөөнүндөгү Молобел жайлоосу, Кеңкайкы коңушу) ― манасчы.
Ч. жаш кезинен ырга, жомок айтууга ышкылуу болгон. 19-21 жаш курагында «Манас» айтууга абдан кызыгып, айта баштаган. Ал кытайлык кыргыздардын чоң багыш уруусуна барып, алардын манасчыларынан «Манасты», «Семетейди», «Сейтекти», «Чигитайды» ж.б. айтууну үйрөнгөн. «Манасты» сегиз муунуна чейин айткан. Ч. «Манас» айткан убакта, үйдүн босогосуна кандай барып калгандыгын өзү да байкабай калчу экен. Ч. Алай элиндеги атактуу манасчылардан болгон. Ал өзүнүн жээни Айдар Жаныбек уулун да манасчылык өнөргө тарбиялаган. Ч. басмачылар колдуу курман болгон.