Чопкутчандар (лат. Dasypodidae) - сүт эмүүчүлөрдүн кем тиштүүлөр түркүмүндөгү тукуму.

Dasypus novemcinctus.

Дене уз. 12-100 см, куйругу 2,5-50 см, салм. 0,3-35 кг. Жону, капталдары мүйүз чопкут менен капталган. Чопкуттун айрым катмарлары бириктиргич ткань аркылуу туташып, кыймылдуу. Алдынкы чеңгели 4 же 5 манжалуу, тырмактары узун, курч, жер (ийин) казууга ылайыкташкан. Тиштери бирдей формада, саны 23төн 100гө чейин жетет. 9 уруу, 20-25 түрү бар. АКШнын түштүгүнөн Чили, Аргентинага чейин тарап, ачык мейкиндикте жашайт. Түнкүсүн жалгыздан жүрөт, күндүз ийинде жатат. Коркунучту сезгенде жыйрылып, тоголок болуп калат. Көбүнчө майда омурткалуу жаныбарлар, курт-кумурскалар менен азыктанышат. Эти жана чопкуту үчүн кармалат. Саны азаюуда. 4 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4