Чор

теринин өйкөлүүдөн, кысылуудан катууланган жери

Чор — теринин өйкөлүүдөн, кысылуудан катууланган жери.

Көбүнчө колдун, буттун манжаларында, кээде согончокто, таманда тар бут кийим кийүүдөн, ошондой эле бутту таза күтпөгөндөн пайда болот. Таманда, манжада жана салаадагы Чор ооруп, басууга тоскоол болот. Мындай Чордун бети жарылып микроб кирип сезгенет, флегмона жана башкалар оорулар пайда болушу мүмкүн. Ошондуктан Чорду пайда кылуу себебин четтетип, жоготууга аракеттенүү керек. Аны кетирүү үчүн атайын адистештирилген кабинетке кайрылуу сунуш кылынат. Үйдө дарыгердин көрсөтмөсү менен чорго 10%түү салицил жана сүт кислотасын сыйпоо же атайын пластырь жабыштыруу керек. Аны 2—8 жолу кайталап, андан кийин самын, сода кошулган (1 л сууга 1 чай кашык) сууга бутту салып (10— 15 мин.) чорду жумшартып, одеколонго же спиртке жуулган кайчы же болот менен этияттап кесип салат. Бутту кургатып, А витаминдүү май (мисалы, «Атласный», «Восторг») сыйпоо дурус. Бир үзүм дакиге май сүйкөп ал жерге коюп, үстүнөн компресс кагазын жаап таңып коюу керек. Чорду алдын алуу үчүн бут кийимди туура тандоо, кара жумуш иштегенде кол кап кийип иштөө сунуш кылынат.

Дагы кара түзөтүү


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8