Чорго
Чорго, вентиль –
1)электр техникадa - токту бир гана багытка өткөрүүчү прибор. Чоргону ага кошулган чыңалуу бир уюлдуу болгондо биригүүчү жана башкача болгондо ажыроочу ачкыч катары кароого болот. Идеалдуу Чоргодо ток бир багытта болгондо өткөрүмдүүлүгү чексиз, башка багытта болгондо - нөлгө барабар. Иш жүзүндө Чорго катары пайдаланылуучу приборлордун каршылыгы чектүү гана болбостон, андагы чыңалуунун чоңдугуна жана ал аркылуу өтүүчү токко жараша болот. Чорголор башкарылуучу жана башкарылбоочу болот. Башкарылуучу Чорго аны ачуу-жабуу менен негизги чыгы шына кошулган чыңалууну гана эмес, кошумча башкаруу киришке берилген сигналды да башкарары менен айырмаланат. Башкарылбоочу Чоргонун мис. болуп түзөтүүчү диод, ал эми башкарылуучунуку - тиристор болуп эсептелет. Иыггөө приндиби боюнча Чоргоорду электрондук жана иондук (газотрон, игнитрон, электролиттик) деп бөлүүгө болот. Электрондук Чорго өз кезегинде вакуумдук жана жарым өткөргүчтүү болот.
2) техникадa - атайын профилдеги канал; мында суюктуктун же газдардын ылдамдыгы көбөйүп турат. Техниканын буу жана газ турбиналары, ракета жана аба-реактивдүү кыймылдаткычтар, газ динамикалуу лазер ж. б-да пайдаланылат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4