Чортеков Анварбек (20. 10. 1920, Нарын обл., Ат-Башы району, Терек-Суу айылы - 29. 3. 1989, ошол эле жер) - Советтик Союз. Баатыры (1944[1]).

1943-ж. Советтик Армиянын катарына чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушка (1941-45) катышкан. Воронеж жана 1-Украин фронтторунда салгылашкан. Днепр д-нын оң жээгинде жайгашкан Григоровка жана Луковицы айылдары (азыркы Украин, Черкассы обл., Канев району) үчүн салгылашта командирдин ордун ээлеп, өңүттү душмандарга алдырбай кармап турган. Согуштан кийин Кыргызстанда советтик жана партиялык кыз маттарда иштеген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш, Кызыл Жылдыз ордендери менен сыйланган. Ат-Башы районунун борборуна эстелиги орнотулуп, Бишкек, Нарын шаарынын көчөлөрүнө жана Терек-Суу орто мектебине Ч-дин ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении звания Героя Советского Союза генералам, офицерскому, сержантскому и рядовому составу Красной Армии» от 10 января 1944 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1944. — 19 января (№ 3 (263)). — С. 1