Чоюке Өмүр уулу (1863-1925) - манасчы.

Бугунун Арыкмырза уруусундагы Байым уругунан чыккан белгилүү манасчы Чоюке өмүр уулу 1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында дүйнөгө келген.
Ал кадимки Саякбай Карала уулунун устаты болгон. “Чоюке – чынар, мен – чырпык. Чоюке – бүркүт, мен – чымчык” деп, кезегинде анын талантына Саякбай Карала уулу баа берген. Калың эл өз кезегинде Чоюкедей эч ким айта албайт дешкен.
Чоюкенин түшүнө баатырлар көп жолу аян берген экен. Анын бири төмөнкүдөй: “ Кызыл-Кыянын белинде келе жаткан Чоюке өзүнөн өзү талыкшып уктап кетет. Ойгонсо, бир аксакал киши жанына келип калган болот. Ал: “Сен Чоюкесиңби? “Чоң казатты айтасыңбы?” – дейт. Чоюке ага чейин эле Чоң казатты олуп-чолуп, ар кайсы жеринен айта коюп жүрчү экен. Андыктан, айтам деп жооп берет. Андан соң аксакал кыбыла жакты көргөзүп: “Тиги, кара жал аксур ат минип, кара калпак, боз чепкен кийип, алдыда кырк чорону ээрчитип келаткан Манас баатыр. Анын соңундагы кызыл буурул ат минген, кызыл чийкил жаш бала Семетей. Андан ары Кең-Колду көздөй көч баштап, алтымыш төөгө пул артып келаткан Кайыптын кызы Каныкей, анын артынан Темиркан кызы Чачыкей келет” – деп, андан ары кытайдын Коңурбайын да кырк кечили менен тааныштырып, ушулардын баарын айта жүр деп табыштайт. Бакай болсо, быйыл Кең-Колго барып, Баатырга зыярат кылуусун буйрук этет.
Ошону менен Таласка келип, күмбөзгө зыярат кылып, Чоюке алты жылдай ушул чөлкөмдө жүрүп калат. Андан Чүйгө өтүп, ал жакта да үч-төрт жылдай жүрөт. Андан айылына барып, анда да көп турбай, Кытай жакка өтүп, ал жактагы Жусупакун деген манасчыны байырлап, аны менен бирге “Манас” айтып жүрөт.
Чоюкенин дагы бир шакирти Мамбетаалы Ашымбай уулунун эскерүүсүнө караганда, Чоюке мал-жанына да, бала-чакасына да карабай, “Манас” дегенде баарын таштап кете берген киши болгон. Аны ким чакырса токтолбой аттанып кеткен. өзү айтылуу Акылбек менен Тыныбектерден үлгү алган. Бирок эл Чоюке өз устаттарынан да мыкты айтат дечү экен. Айрыкча Каныкейдин Тайторуну чапкан жерин айтканда, ыйлабаган киши калчу эмес экен. Айтылуу Саякбай Карала уулу да ушул бөлүктү аябай ийине жеткире мыкты аткарганына караганда, өз устаты Чоюкеден ушул бөлүктү жазбай өздөштүргөн деп болжолдосо болот.
Эл оозунда уламага айланган белгилүү манасчы 1925-жылы өз айылында дүйнө салган.