Чоң Аксуу – Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталынан башталган суу. Ысык-Көлгө куят. Узундугу 31 км, алабынын аянты 337 км2. Айлама жана Аюутөр сууларынын кошулушунан түзүлөт. Жогорку агымында байыркы мөңгүлөрдүн калдыгын (моренаны) аралап агат. Жинди суу куйгандан кийин кууш капчыгай менен өтөт. 16 майда куймасы бар; ирилери: Кашкасуу(оң), Кулаганташ, Жинди суу(сол). Мөңгү,карсууларынан куралат. Алабында 48 мөңгү (жалпы аянты 48,9 км2) бар. Көп жылдык орточо чыгымы Григорьевка кыштагынын тушунда 5,0 м3/сек, эң көбү 19,1 м3/сек, азы 1,4 м3/сек. Майдын аягында кирип, октябрда тартылат.

Чоң Аксуу
Мүнөздөмө
Узундугу 31 км
бассейндин аянты 337 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Чоң аксуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2