Түп өрөөнүнүн бир бөлүгү; Күнгөй Ала-Тоонун Сары-Тологой тармагы менен Тескей Ала-Тоонун этегиндеги Чаар-Жон бөксө тоосунун ортосундагы өткөөл капчыгай Чоң-бет суусунун ортоңку агымында. Узундугу 13км. Капчыгайдын оң капталы тик (45 –60 °ка чейин) жана бийик (1000 –1300м ге чейин). Түптүн оң куймаларынын кууш сайлары бар. Капчыгайдын(жеткиликсиз шилтеме) сол капталы тик (40–45°ка чейин), бирок жапыз (бийик жери 2391м), бадал жана карагай токойлуу. Капчыгай морфологиясы боюнча экиге бөлүнөт: төмөнкү кыска бөлүгү (узундугу 2км) өтө кууш (150–300м), капталдары тик (45–50°ка чейин), бирок анча терең эмес (300–400м); Түп суусу Чоң-Бет бөксө тоосунун батыш бөлүгүн кесип өткөн жерге тура келет.
Капчыгай жогорку бөлүгүнүн (узундугу 10км ден ашык) капталдары тик (45–50°ка чейин), терең (400–500м ден 1200м ге чейин), бирок таманы көп жерде жазы (500м ге чейин), жайылмага айланат. Күнгөй Ала-Тоонун капталдары негизинен палеозойдун(жеткиликсиз шилтеме) кристаллдуу(жеткиликсиз шилтеме) тоо тектеринен, ал эми Чоң-Бет бөксө тоосу, Сары-Тологой дөңсөөсү неогендин(жеткиликсиз шилтеме) кызыл, неогендин(жеткиликсиз шилтеме) бозомтук чөкмөлөрүнөн турат. Таманына аллювий(жеткиликсиз шилтеме), пролювий(жеткиликсиз шилтеме) чөкмөлөрү топтолгон. Күнгөй Ала-Тоонун түштүк капталын тоолуу шалбаа, карагайлуу шалбаа, субальп(жеткиликсиз шилтеме), альп(жеткиликсиз шилтеме), Чоң-Бет бөксө тоосунун капталдарын дээрлик бүт токой (шренк карагайы жана бадалдар) ландшафты(жеткиликсиз шилтеме) ээлейт. Капчыгайдын(жеткиликсиз шилтеме) таманы туташ токой (шренк(жеткиликсиз шилтеме), карагай(жеткиликсиз шилтеме), тал, түрдүү бадалдар) тилкесинен турат. Жайкы жайыт, токой чарбасы, чабынды жана башка жерлери бар. Капчыгай(жеткиликсиз шилтеме) аркылуу Каракол – Кеген – Алматы авто жолу өтөт. Туризмге, жайкы эс алуу жайларын курууга ылайыктуу жер.

Адабият түзөтүү

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү