Чоң Киндик мөңгүсүБорбордук Теңир-Тоодогу Көөлү кырка тоосунун түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.

Көөлү суусунун алабынан орун алган. Уз. 3,8 км, аянты 4,1 км2. Абляция облусунун аянты 2,1 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 4300 м, этеги 3780 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4120 м. Мөңгүдөн Чоң Киндик суусу башталып, Көөлүгө оң жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2