Чоң Кызыл-Суу өрөөнү - Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы өрөөн, капчыгай. Тескей Ала-Тоонун негизги суу бөлгүчүнөн (4 800 м бийиктиктен ) башталып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги жантайыңкы түздүккө (1 700 мге) чейин созулуп жатат. Аянты 307 км2. Төржагы айрыктарга бөлүнүп, мөңгүлөр менен бүтөт. Өрөөндүн таманы капчыгайга кире бериштен тартып, улам жогорулаган сайын (2600 м бийиктикке чейин) кууштайт. Андан жогору кеңейип, тепши сымал өрөөнгө өтөт. Капталынан куйган куй маларынын өрөөндөрү да тепши сымал. Алардын чаты негизги өрөөндүн таманынан салыштырмалуу 150–200 м. бийиктикте. Бийик бөлүгү кем-бийге чейинки мезгилде пайда болгон тоо тектерден түзүлгөн. Климаты мелүүн континенттик. Январдын орточо температурасы — 10,5°С, июлдуку 9,6°С. Жылдык жаан - чачыны 625 мм. Жалпы аянты 44,3 км2ге жеткен 46 мөңгү бар. Өрөөн аркылуу Чоң Кызылсуу агат (анын тоодон чыгабергендеги чыгымы 4,7м3/сек). Кургакчыл талаа, шалбаалуу талаа, шалбаалуу бадалдуу токой, субалып жана алып, шалбаасы андан жогору нивалдык-гляциалдык ландшафттар мүнөздүү. Өрөөндө Кыргыз Республиканын ИАнын Тяньшань физикалык география станциясынын стационары бар. Кара баткак мөңгүсүндө эл аралык программа боюнча жыл бою байкоо жүргүзүлөт. Капчыгайдын оозуна жакын минералдуу жылуу булак чыгат. Чоң Кызыл-Суу орун алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү