Чоң нефуд - Араб жарым аралынанын түндүгүндөгү чөл.

Сауд Арабиясында. Уз. 500 кмден ашыгыраак, туурасы 300 кмге чейин жетип, аянты 103 600 км2. Бийиктиги 600-1000 мге жеткен плато ээлейт; андан токол тоолор көтөрүлүп жатат. Бархан, кум жалчалары, таштак чөлдөр (хамадалар) басымдуу. Көп сандаган кургак нуктар (вадилер) кездешет. Сейрек өскөн шыбак-эфемерлүү өсүмдүктөрү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4