Чоң теректи, мөңгүКакшаал тоо тизмегинин түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү .Уз. 4,4 км, аянты 5,3 км2, Чоң Үзөңгүкууш суусунун сол куймасы Кичи Үзөңгүкууштун алабында жайгашкан. Башы деңиз деңгели 4600 м, этеги 3640 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4160 м. Ч. Т. м. негизинен кар көчкүлөрдөн куралат. Басымдуу бөлүгү морена менен капталып, аны эрип кетүүдөн сактайт. Мөңгүдөн Чоң Терек суусунун (Кичи Үзөңгүкууштун алабы) сол куймасы башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Интернеттеги айрым шилтемелер түзөтүү