Чоң төр мөңгүлөрү - Борколдой кырка тоосунун түндүк капталында жанаша жайгашкан татаал өрөөн тибиндеги 2 мөңгү.

Чоң Нарын д-нын жогорку сол куймасы - Чакыр-Корумдун алабында. Сол тараптагы мөңгүнүн уз. 4,2 км, аянты 4,3 км2. Башы дениз деңгээлинен 4880 м, этеги 3940 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4340 м. Абляциясынын аянты 2,2 км2. Оң тараптагы мөңгүнүн уз. 4,4 км, аянты 3,0 км. Башы деңиз деңгээлинен 4920 м, этеги 3880 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4300 м. Абляциясынын аянты 1,7 км2. Мөңгүлөрдөн агып чыккан өзөн Чакыр-Корум суусуна он жактан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4