Чоң төр мөңгүлөрү (Кыргыз Ала-Тоо)

Чоң төр мөңгүлөрү (Кыргыз Ала-Тоо) - Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталында бири-бирине жанаша жаткан өрөөн тибиндеги үч мөңгү.

Ак-Суунун куймасы - Сокулук суусунун жогорку агымы Чоң Төрдүн төрүнөн орун алган. Чыгыш Чоң Төр мөңгүсүнүн уз. 4,3 км, аянты 5,0 км2. Башы деңиз деңгээлинен 3990 м, этеги 3200 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3520 м. Абляциясынын аянты 2,5 км2. Батыш Чоң Төр мөңгүсүнүн уз. 4,3 км, аянты 6,1 км2. Башы деңиз деңгээлинен 4030 м, этеги 3440 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 3700 м. Абляциясынын аянты 0,2 км2. Ортонку мөңгү Альпинисттер (Чоң Төр) мөңгүсү деп аталат. Мөңгүлөрдүн бетинин 13,2%тейин морена жаап жатат. Мөңгүдөн Сокулук суусунун негизги курамы Чоң Төр башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4