Чоң тooдaк (лат. Otis tarda, Linnaeus, 1758):

Чоң тooдaк.
Otis tarda

Жалпы жана өлкөдө таралышы түзөтүү

Африкада – түндүк Марокко, Евразияда –Пиреней жарым аралынын түштүк бөлүгү, Элңба бассейнинен, Австриядан, Словакиядан чыгышты көздөй түштүк Приморңеге чейин. Түндүккө карай түндүк Полңшага, Гомелң районуна, Чернигов областынын ортонку бөлүгүнө чейин, Брянск, Тула, Рязанң, Пенза областтарынын түштүк бөлүктөрүнө, түштүк Башкирияга чейин, батыш Сибирде 55-параллелге чейин, Минусинск районуна, Барнаулга, Чыгыш Саяндын түштүк тоо этегине, Жогорку Ангаранын төмөнкү агымынын өрөөнүнө чейин, түндүк-чыгышка карай 54-параллелге чейин, төмөнкү Зея өрөөнүнө, Ханкай ойдуңуна чейин. Түштүктөн Жер Ортолук деңиздин жээгине чейин, түштүк Азербайжанга, түндүк Иранга чейин. Каспий деңизинен чыгышыраак түштүккө карай Урал тоо этегине, Элңбанын орто агымына, Тургай жана Иргиздин тоо этектерине чейин, чыгыш Казакстанда 47-параллелге чейин. Тянңшанң аркылуу түштүктөн Гоби чөлүнүн түндүгүнө чейин, Чоң Хингандын түштүк-батыш тоо этегине чейин, Хэйлунңцзяндын түндүк-чыгыш провинциясына, түштүк Приморңеге чейин. Индияда жана Пакистанда – отурукташкан түр. Кыргыз Республикасында Чүй жана Ысыккөл өрөөндөрүндө, Ички Тянңшандын бийик тоолуу сырт зоналарында жана Өзгөндүн тегерегинде кездешчү.

Жашаган аймактары түзөтүү

Бир аз бадалдуу жарым чөлдүү жана талаалуу ачык жерлерди артыксынтат.

Саны түзөтүү

Азыркы учурдагы саны боюнча так маалымат жок. Ошону менен бирге, тоодак бардык жерде өтө сейрек кездешери анык. Мисалы, Түндүк Кыргызстан боюнча көп жылдык байкоо жүргүзүүлөрдө тоодак бир дагы жолу кездешкен эмес, Кыргызстандын жалпы территориясы боюнча 44 аймакта канаттуулардын санын иликтөө үчүн өткөрүлгөн байкоо жүргүзүүлөрдө тоодактын күз мезгилинде бул аймактарда болуусу катталган жок. Нарын областындагы жана Ысыккөл ойдуңундагы изилдөөлөр да тоодактын бул жерлерде кыштоосун аныктаган жок.

Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары) түзөтүү

Адатта кичине 3-4 канаттуудан турган топ менен жашашат. Кээде, өзгөчө кышында жана учуп өтүүлөрдө чоң топторго (25-30 канаттуу) чогулушат. Абдан жакшы чуркайт, оор көтөрүлөт, бирок абада болгон соң, кубаттуу учат. Азык тандабайт, бирок дан жана башка эгиндерди артыксынтат, ошондой эле коңуздар, кескелдириктер ж.б. менен азыктанат. Тоодак – полигамдуу канаттуу, эркеги бир нече ургаачыга көңүл бурат. Ургаачылар кара-күрөң темгилдүү, күрөңүрөөк бир, кээде эки жумуртка тууйт. Жумуртканы ургаачылары гана басып чыгарат.

Чектөөчү факторлор түзөтүү

Мыйзамсыз атуу, уяларын бузуу.

Көбөйтүү (колдо багуу) түзөтүү

Так маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттери түзөтүү

Атайын коргоо чаралары каралган эмес.

Коргоо үчүн зарыл аракеттер түзөтүү

Кичи заказниктерди түзүү аркылуу уялоо жана учуп өтүү жерлерин коргоо зарыл. Тоодактардын массалык учуп өтүү маалында кайсы дыйкандардын эгин талааларына зыян келтирерин аныктоо жана бул жоготууларды компенсациялоо үчүн механизмди иштеп чыгуу. Бардык жерде тоодакка аңчылык жасоого тыюу салуу. Тоодакка аңчылык кылгандар үчүн чоң айып санкцияларын киргизүү керек жана алынган каражаттарды жаратылышты коргоо иш-аракеттерине жумшоо зарыл. Республикада уялоо аймактарын аныктоо, табылган уяларды картага түшүрүү, бул түрдүн санынын ар бир жылдык динамикасына мониторинг жүргүзүү. Кыргызстандын шартында тоодактын тиричилик өзгөчөлүктөрүн изилдөө керек.

Статусу түзөтүү

I I I , Critical l y Engendered, CR: R, A1. Номинативдуу түрчөсү кездешүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү