Чоң чаар тонкулдак

Чоң чаар тонкулдак (Dendrocopos major), (Linnaeus, 1758):

Buntspecht1ib.jpg

Жалпы жана өлкөдө таралышыОңдоо

Чоң чаар тоңкулдак КМШнын батыш чек араларынан тартып, Камчатка жана Сахалинге чейинки территорияда жашайт. Түндүктөн токой-тундрасына жетет, түштүктөн чек арасы Украина, Поволжңе, Урал аркылуу өтүп, Иртышка да жетип, Тянңшанга келет. КМШдан тышкары Түндүк-Батыш Африкада, Кичи Азияда, Монголиянын, Кытайдын, Жапандын ж.б. бөлүктөрүндө тараган. 18 анча айырмаланбаган расасы белгилүү .

Жашаган аймактарыОңдоо

Кыргызстандын территориясынан эки экземпляр белгилүү: Тескей Алатоодон (Северцев 10.07.1876) жана Кыргыз тоо кыркаларынан (ММУнун зоомузейинин коллекциясы). Биздин коллекцияда чоң чаар тоңкулдактын бир гана коллекциясы бар. ММУ жана РИАнын коллекциясында бул тоңкулдактын 1912-жылдын 22-январынан жана 6-мартынан Текес дарыясынын өрөөнүнөн (Казакстан) 3, ал эми Чыгыш Тянңшандан жана Кытайдан бир нече экземпляры бар. Чыгыш Ысыккөлдүн карагай токойлорунда кездешиши мүмкүн.

СаныОңдоо

Маалымат жок. ==Жашоо тиричилиги (жашоо циклдары)==Карагай жана жаңгак токойлорунда жашайт. Негизинен курт-кумурскалар, өзгөчө зыяндуу курт-кумурскалар менен азыктанат

Чектөөчү факторлорОңдоо

Белгиленген эмес.

Көбөйтүү (колдо багуу)Оңдоо

Маалымат жок.

Уюштурулган коргоо аракеттериОңдоо

Карагай жана жаңгак токойлорунда Жашаган аймактарын коргоо.

Коргоо үчүн зарыл аракеттерОңдоо

Жашаган аймактарын коргоо. Карагай, жаңгак жана жайылма токойлорду бак кыюудан сактоо боюнча биотехникалык иш-аракеттерди жүргүзүү жана токойлорду калыбына келтирүү.

СтатусуОңдоо

VI, Near Threatened, NT: R. Жалпы 18 түрчөлөр белгилүүдө.Кыргызстанда тянңшандык чоң чаар тоңкулдак жашайт - P.m.brevirostris ( Reichenbach, 1854) .

Колдонулган адабияттарОңдоо