Чоң Үзөңгүкууш — Ички Теңир-Тоонун түштүк-чыгышындагы суу, Какшаал дарыясынын сол куймасы.
Узундугу 116 км (Кыргызстандын аймагындагы узуну 83 км), алабынын аянты 2880 км2.
Какшаал кырка тоосунда жайгашкан. Ортоташ мөңгүсүнөн башталып, түндүккө Көгалачаптын түзөңүндө чыгышка карай агат.
Котур суусу Сарычат суусуна кошулгандан баштап Чоң Үзөңгүкууш аталат. Ири куймалары: Котур (уз. 39 км), Кичи Үзөңгүкууш (35 км), Чоң Терек (27 км),Кичитерек (24 км) – сол; Чоң Туурасуу (16 км), Чоң Төөкуйрук (16 км) – оң Алабында 335 мөңгү (жалпы аянты 400,6 км2), 27 майда көл (жалпы аянты 1,3 км2) бар.
Жылдык орточо чыгымы төмөнкү агымында 27 м3/сек, эң көп чыгымы 120–150 м3/сек, эң азы 3–5 м3/сек. Мөңгү кар жана булак сууларынан куралат.
Өрөөнү Ат-башы жана Жети-Өгүз районунун жайлоосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү