Чоң үзөңгү-кууш мөңгүсү - Какшаал тоо тизмегинин түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү.

Какшаалдын сол куймасы Чоң Үзөңгу Кууштун алабында жайгашкан. Уз. 6,7 км, аянты 13,3 км2. Айрым жеринде 400-600 -мге чейин ичкерип, жазы жери 1,5-2 кмге чейин жетет. Жогорку бөлүгү түрдүү багыттагы фирн бассейндүү үч бутактан турат. Оң бутагы батышка, ортонкусу түндүккө, сол бутагы түндүк-чыгышка багытталган. Ортонку бутагы кырка тоонун 5000-5600 ж бийиктиктеги кырлары менен курчалган. Үч өз алдынча фирн бутагы 4670 ж бийиктикте, эни 2 км келген жайык оёңдо кошулат. Башы деңиз деңгээлинен 5040 ж, этеги 4300 ж бийиктикте жатат, а. и. абляциясынын аянты 4,1 км2. Мөнгүнүн «тилинин» бетинде ортонку моренанын эки тилкеси созулуп жатат, алар «тилинин» учуна келген каптал морена менен биригип жаңы «төө карын» кыртышын пайда кылат. Мөңгүдөн башталган суу Чоң Үзөңгү-Куушка оң тараптан куят.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4