Чубуртмалуу басылма - басуу ыкмасы; мында басылуучу материалга сүрөттөлүштү берүү абдан кичине диаметрдеги чоргодон чоң ылдамдык менен (секундасына 1 млн тамчыга чейин) атайын боёкту чачыратуу менен ишке ашырылат.

Чубуртмалуу басылма жумшак таңгактарга өндүрүштүк маркалоо, бодурлуу беттерге окулуучу жазууларды түшүрүү, продукцияны өндүрүү процессинде мезгилдүү басылмага даректерди түшүрүү ж. б. үчүн пайдаланылат. Басуунун бул ыкмасы санариптүү (цифралык) жарым тондуу түс сынамыктарын жана басылмаларды аз тираж менен даярдоого арналып, агымдуу плоттерлерде жана принтерлерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4