Чуваштар - Россия Федерациясын жана ага чектеш жерлерди байырлаган калк.

Түрк тилдеринин генеалогиялык жиктешүүсүндө батыш хунну тобунун булгар бутагында сүйлөшөт. Чуваш тили аймактык жактан жогорку жана төмөнкү диалектилерге бөлүнөт.

Чуваш тили түрк тилдеринен обочо жайгашкандыгынын натыйжасында байыркы иран, финн-угор, славян тилдеринин тийгизген таасири байкалат. Бул процессте, өзгөчө кошуна жашаган финн-угор элдеринин таасири зор. Калктын жалпы саны 2 млн. жакын.

Христиан дининин православие багытын тутунушат. Чуваштар этнос катары Алтын Ордо жана Казак хандыгынын (16-к.) тушунда калыптанган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет. - ISBN 9967-21-621-2.