Чуйков, Семён Афанасьевич

Чуйков Семён Афанасьевич (1902, Пишпек —1980, Москва) — советтик живописчи, СССР эл сүрөтчүчү (1963).

Чуйков Семён, Автопортрет

Өмүр таржымалы түзөтүү

СССР САнын анык мүчөсу (1968).
1924—30-ж. Ч. Верный (азыркы Алматы) шаарында Н. Г. Хлудовдон, Москвада Вхутемас — Вхутеинде окуган. 1930-жылдардын башында Кыргызстан сүрөтчүлөр союзун, Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейин уюштуруунун демилгечиси болгон.
Орус peaлистик сүрөт өнөрүнүн алдыңкы салттарына таянып, Чуйков кыргыз элинин турмушун, башкача айтканда биринчи планга карапайымдардын образын түзүүнү коюп, чыгармаларында турмуш көрүнүштөрүн көлөмдүү көркөм формалар (циклдер) аркылуу сүрөттөйт.
Сүрөт циклдеринде, автордуй сөзү менен айтканда, «эркин эмгектин поэзиясы, кубанычы, карапайым совет эмгекчилеринин бактылуу турмушу» берилген.
Чуйков «Манас» эпосунун каармандарына да кайрылган. «Манастын сейилге чыгышы» аттуу полотносунда тулпарлар кыймылсыз туруп нык семирип, чоролор кылар иши жок зеригип каган тынч турмушта эпикалык баатырлардын куш салып, көңүл ачып жүргөн учурун даана көрсөтө алган. Анын бул чыгармасы тарыхта кыргыздардын шумкар салып, тайган агытып сөөлөт курган салтын көркөм жалпылаштырып, чебер сүрөткерлик фантазиясы аркылуу'Манас жана анын жакын чоролорунун образын элестүү чагылдыргандыгы менен баалуу.

Сыйлыктары түзөтүү

СССР мамлекеттик сыйлыктын (1949, 1951), Токтогул атындагы Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыктын (1972) жана Индиянын Жавахарлал Неру атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты.
Ленин ордени жана башка 4 орден, медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Манас энциклопедия, 2-том, Б,1995-ж.