Чуковский Корней Иванович

Чуковский Корней Иванович (чын аты-жөнү - Николай Васшьевич Корнейчуков; 19(31). 3. 1882, Петербург - 28. 10. 1969, Москва) - орус совет жазуучусу, сынчы, адабиятчы жана котормочу.

Филология илимдеринин доктору (1957). Өз алдынча билим алган. Чыгармачылыгын журналист катары баштап, көбүнчө замандаш жазуучулары жөнүндө очерктер жарыялаган. 1916-жылы Чуковскийге М. Горький «Парус» басмасында изилдөөгө жана балдар үчүн чыгармалар жазууга кеңеш берген. Ошол боюнча ал ыр менен «Мойдодыр» (1923), «Бармалей» (1925), «Айболит» (1929, кыргызчасы - 1940) деген жомокторду жараткан. Балдардын тилин, психо логиясын терең изилдеп чыгып, балдар үчүн «Кичинекейлер» (1928, кийин «Экиден бешке чейин» деген ат менен 21 жолу басылган) деген да китеп жазган. Чуковский - Н. А. Некрасовдун мурасын изилдеп, «Некрасовдун чеберчилити» (1952; Лениндик сыйлык, 1962) деген эмгек жазган. Чуковскийдин көркөм котормо жана анын практикалык маселелеринин изилденишине кошкон да баалуу салымы бар. Мемуардык, тарых-адабият боюнча эмгектеринде («Замандаштар», 1962; «Чехов жөнүндө», 1967) орус адабият ишмерлеринин жандуу элеси тартылат. Оксфорд университетинин адабият боюнча ардактуу доктору (1962). Китептеринин көбү СССР элдеринд (кыргызчага да) жана чет элдердин тилдерине которулган. Ленин ордени, үч Эмгек Кызыл Туу ордени жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Журналистика энциклопедиясы. 1-том. Түз., А.А. Джапанов –Б., 2016. – 360б. ISBN 978-9967-19-414-4