Чукча тайпак тоосу - Чукча жарым аралында, Чукча автономия округунун борбордук бөлүгүндө.

Түндүк Муз жана Тынч океандарынын алабына кирген дарыялардын суу бөлгүчү. Эң бийик жери 1887 м. Өтө тилмеленген жапыз жана орто бийик тоо массивдеринен турат. Уз. 450 кмдей. Түндүгүндөгү кырка тоолору гранит жиреп чыккан кумдук, сланец тоо тектеринен түзүлгөн: түштүгүндө жанар тоо чөкмөлөрү басымдуу. Калай (Валькумей), сымап (Пламенный), таш көмүрдүн (Беринг) кендери бар. Тоо тундрасы, арктика чөлү басымдуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4