Чулум кашка.

Толумандын тогуз уулу бар болгон. Эн кичүүсү Чулум кашка деген. Онунчу Кенжеке деген кызы болгон. Хан менен куда болушуп, оокатын бергенде хан Толумандын Торайгыр деген атактуу айгыры бар экен, ошону кошуп берүүсүн өтүнөт. Кызына карап кошуп берет, бирок ошондон кийин жылкылары кырылып, четинен өлө баштайт. Ошондо аксакалдар, акылмандары чогулуп: “Торайгырды алып келиш керек, же болбосо, кан-жинин алып келип желеге чачса, жылкынын өлүмү токтойт”, – дейт. Ошондо Чулум деген кичүүсү барып, хан сарайга бир-эки жыл туруп, байкап, бир күнү айгырды мууздап, чаначка канын алып келип чачкандан кийин жылкынын өлүмү токтойт. Бул кимдин колунан келди, Чулумдун колунан эле келди деп, хан аны кармап келгиле дегенде, Чулумду ушул жерге Алсейитке качырган экен. Ал бала кылып алып, Чүйдүн Солтосунун Боорсок бий дегенинин үч кызы бар экен, ошонун үч кызын өзүнүн эки баласына, анан Чулумга алып бериптир. Азыр бул жерде беш айыл дөөлөс уруусу. Алар: Чоң-Кызыл-Суу, Ак-Дөбө, Жалгыз-Өрүк, Боз-Бешик, Аң-Өстөн. Илгери баары ушул жерде турган экен. Жер бөлүштүрөбүз дегенде дөөлөстөн Эшмамбет деген кыйын киши чыккан, кыдыктан Атахан деген кыйыны чыгып Чыныбай бий болоордо, ал да бийлик талашат. Ошондо дөөлөс элин чогулта башташат, баягы бий шайлаарда коргоол көп болуш үчүн, элди Кеминден, күңгөйдө бар экен, ошол дөөлөстөрдү көчүрү келип, бул жерге отургузуп, Сарууга Жуукуну берип, сарууларды көчүрүп келип Чыныбай утуп кетиптир. Кой эми кестирип келген жерлерди башкалар ээлеп алышат деп, Чоң-Кызыл-Суу менен Жалгыз –Өрүккө эки атанын балдарын көчүрүп, Оргочор кыштоого ыңгайлуу деп, анан Ак-Дөбө, Аң-Өстөн, Боз-Бешикке бул айылдын башын көчүрүп, дөөлөстөр ошо жерлерде туруп калат. Ошентип, Толумандын кичүү баласы Чулумандын тукуму бул жерде, калган сегизи түштүктө дейт.