Чуна (жогорку агымында Уда) — Орусиядагы Краснояр крайы менен Иркутск облусундагы дарыя. Бирюса дарыясы менен биригип Тасеева дарыясын түзөт (Ангаранын сол айрыгы).

Чуна
ОМСР 16010200112116200026545
A.
Ангара бассейни.

Узундугу 1203 км, алабынын аянты 56,8 миң км². Чыгыш Саяндан башталып кууш өрөөн, төмөн жагында Орто Сибирь бөксө тоосу аркылуу агат; трапптар аркылуу аккан бөлүгүнүн нугунда босоголор көп. Орточо чыгымы, 300 м3/сек. Октябрь-ноябрда тоңуп, апрельмайда ачылат. Ортонку агымында кеме жүрөт. Сал агызылат. Уданын боюнда Нижнеудинск ш. жайгашкан. Чуна бассейндин жалпы аянты 16,5 км² болгон 550 көл бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4