Чунцин, Юйчэн, Басянь - Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү шаар.

Сычуань провинциясында. Янцзы д-нын боюнда жайгашкан. Калкы 4,8 млн (2010; шаар айланасы менен 7,8 млн). Шаардын айланасы борборго баш ийген өз алдынча адм.-айм-тын бирдикти (калкы 32 млн) түзөт. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Янцзы д-ндагы порточо Кытайдын ишкер бөлүгү. Машина куруу (мотоцикл, скутер, автомобиль) өнөр жайынын ири борбору. Кеме куруу, электроника (телевизор ж. б.), текстиль (жибек, кебезкездеме), тамак-аш, металлургия, химиялык, нефть ажыратуу өнөр жай ишканалары иштейт. Ири металлургия комбинаты аллюминий өндүрөт. Жогорку технологиялуу өндүрүшү (маалымат) өнүккөн. Университет бар. 1937-46-ж. Кытайдын убактылуу борбору болгон. «Хунъяньцунь» музейи, «Гэлэшань» мемориал комплекси, цитадель ж. б. тарыхый-маданий эстеликтер сакталган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4