Чупахин Виктор Михайлович

Чупахин Виктор Михайлович (1930-ж. т.) - география илиминин доктору (1964), профессор Кыргыз мамлекеттик пед. институттун геогр. факультетин бүтүргөн (1953).

1953-62-ж. ошол эле институтта иштеп, «Ички Тяньшань» аттуу эмгегин чыгарып (1959), ал иши боюнча кандидаттык диссертациясын, «Тяньшандын физикалык географиясы» деген монографиясынын негизинде докторлук диссертациясын коргогон (1964).

Ал Кыргызстандын, Казакстандын, Кавказдын ж. б. КМШ өлкөлөрүнүн ландшафттарын изилдеп, анын негизинде 15тей монографияны жараткан. Кыргызстандын ландшафттарын изилдөөгө, о. эле жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого салым кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2