"Чурка Лола, чурка" (англ. Run Lola Run, орус. Беги, Лола, беги) (немисче: Lola rennt, түзмө-түз "Лола чуркайт") 1998-жылы Том Тыквер тарткан жана баш ролдордо Франка Потенте (Лола), Мориц Блайбтрой (Манни) тартылган немис триллери. Тасмада жигитинин жашоосун сактап калуу үчүн жыйырма мүнөттө 100,000 немис маркын табышы керек болгон аялдын окуясын чагылдырат. Тасмадагы үч сценарий, 1981-жылы Кристоф Кисловски тарткан "Сокур мүмүкүнчүлүк" тасмасына эскерүү болуп саналат. Кисловски каза болгондон кийин, Тыквер пландаган "Асман" тасмасын тарткан.

"Чурка Лола, чурка" тасмасы негизинен киносынчылардын жакшы сын-пикирлерине арзып, 71-"Оскар" сыйлыгына "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясында тандалган (бирок наамга көрсөтүлгөн эмес).

Саундтрек

Тыквер, Жонни Климек жана Рейнхолд Хайл жазган тасманын саундтреги, 20-кылымдын башында америкалык композитор Чарльз Ивес жазган "Жоопсуз суроо" чыгармасынын бир нече аккордорун камтыйт. Түп нуска чыгармада аккорддор "Билип, көрүп жана эч нерсе укпаган кечилдердин үнсүздүгүн" көрсөтүү максаты коюлган.

Андагы техно саундтрек тасманын мотивине ар тараптуу байланышты курган. Алар: ритм, кайталоо жана ар тараптуу убактылуу мейкиндик аймактарындагы аралык. Бул "Убакыт" жана "Мейкиндик" же болбосо "циклдүү" же "кууш" сыяктуу карама-каршылыктын биригишин пайда кылат.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү