Чыбылдый бий — XIX кылымдын башында Тайлак баатыр менен бирге цин баскынчыларына каршы күрөшкөн кыргыз баатыры.

Чыбылдый баатыр Жоруп уулу болжол менен 1785-жылы туулган, 1825-жылы кытайлар менен болго согушта курман болгон, басыз уруусунун Кудайлат уругунан чыккан.

Чыбылдый баатыр алп денелүү, эр жүрѳк, акылман, айкѳл, бардык ишке кѳзү жеткен, аскердик иш-аракеттерди мыкты билген адам болгон.

Ата-тегинин кыштоосу, туруктуу турган жери азыркы Сузак районунун Ак-Баш деген жеринде болгон. Чыбылдый эр жеткенде тууган-уругу менен Ак-Талаага кѳчүп келген.

Тарыхчы К. Молдожунусовдун маалыматы боюнча “Чыбылдый ѳз уругу менен барып Тайлак баатырга кошулган”.

Ч. Валихановдун, В.С. Кузнецовдун маалыматтарында Чыбылдый бий болгон деп айтылат. Профессор С. Закировдун маалыматы боюнча  “Чыбылдый датка болгон, жалпы басыздарды бийлеп турган”.

Чыбылдый бий Тайлак баатыр менен бирдикте кыргыз элинин эркиндиги үчүн чет жактан келген душмандар менен жан аябай күрѳшкѳн.

Кѳрсѳткѳн эрдиги үчүн Тайлак баатырдын чечими менен бир кезде Анжиян тараптан ѳз уругу менен келип кошулган Чыбылдый бийге жана анын урук-туугандарына да өзүнчө жер бөлүнүп берилген.

Тарыхый булактарда Чыбылдый баатырдын кытай баскынчылары менен болгон согушта кѳрсѳткѳн эрдиги баяндалат.

1825-жылы Кытайдын Цин императору генерал Баянбату жетектеген 500 (беш жүз) аскерди Жааңгер кожону кармап келүүгѳ ак-талаалык кыргыздарга жиберген. Бирок, ошол кезде Жааңгердин бактысына ал Тайлактын айылында жок болчу. Тайлак ѳзү дагы айылда жок болгон. Кытайлар кол салып, 100гө жакын адамды өлтүрүп, айылды тоноп, кайра кайтышкан.

Бул окуя тууралуу Чокан Валиханов: “Болгон окуяны уккандан кийин кыргыздар кытайларды кууш капчыгайда кууп жетишкен. Басыз уруусунан чыккан Чыбылдый бий аларга ушунчалык тез кол салгандыктан, бир гана кытай качып кутулуп, калгандары генералы менен кошо кырылып, жок кылынган”, - деп жазган.

В. С. Кузнецов: Пекинде Баянбатунун отрядынын катастрофасы Асман империясынын беделине олуттуу зыян келтирди деген чечимге келишкен. Аны көтөрүү үчүн кыргыздарды аёосуз кыруу керек деген Жарлык чыгарылган.

Кыргыздардын урууларынын ич ара касташуулары Цин бийлигинин пайдасына ойногон. Кытайлар чоңбагыштардын бийи Жанболоттун жардамы менен басыздардын бийи Чыбылдый баатырды өлтүрүшкөн жана анын баласы менен инисинин уулу (же жээни — орусча племянник деп жазылган) колго түшүрүшкѳн”.

Чыбылдый баатырдын урпактары, жан сактап калыш максатында түштүк тарапка бет алган. Азыркы учурда анын урпактары Сузак районунун Октябрь айылында отурукташкан.

Чыбылдый баатыр жашап, курман болгон жер “Чыбылдый коо” деп аталат. Баатырдын сѳѳгү ошол жерге коюлган. Тайлак баатыр шейит кеткен досуна күмбөз тургузган. Күмбѳз Ак-Талаа районунун азыркы Терек, Орто-Сырт айлдарына жакын аймакта жайгашкан.

Тарыхта баатырлардын жана көрүнүктүү ишмерлердин даңктуу ысымдары көп. Кээ бирлери ушул күнгө чейин биздин эсибизде сакталып келатса, айрымдарынын ысымдары убакыттын өтүшү менен унутулуп калган. Ошондой маанилүү, бирок, тилекке каршы, дээрлик унутулган баатырлардын бири — Чыбылдый бий. Канчалаган кас-душмандарды жеңип, урпактардын келечегине кам көрүп, керемет Кыргызстанды Мекен кылып, бизге аманат калтырган баатыр бабаларды эсибизден чыгарбашыбыз керек!

Чыбылдый баатырдын атын, кылган ишин даңазалаш — урпактардын милдети. Элибизде “Ɵткѳн улуу инсандар даңкталмайын, тирүүлѳр баркталбайт” деген жакшы сѳз бар. Ата Мекендин тарыхын, баатырларын түбөлүккө эске тутуу жана алардын эрдиктерин түбөлүккө калтырууга багытталган туруктуу патриоттук иш-чараларды кеңири жайылтуу зарыл.

Колдонулган адабияттар:

·      Закиров С. Кыргыз санжырасы. Б., 1996.

·      Молдожунусов К. 1825-жылдагы Тайлак менен Баянбатунун чабышы: окуянын жүрүшү. Б., 2015.

·      Валиханов Ч.Ч. Страна шести городов. Дневник путешествия на Иссык-Куль. М., 2017.

·      Кузнецов В.С. Цинская империя на рубежах Центральной Азии (вторая половина XVIII — первая половина XIX в.). Н., 1983.