Чыгаруу – ойлонуу амалы. Мунун натыйжасында жаңы билүү логикалык ойлоонун негизинде, б. а. түздөн-түз тажрыйбага кайрылбай эле мурдагы билүүлөрдөн чыгарылат. Маселен, эгер бизге Ташкент Бишкектен түштүгүрөөк, ал эми Бишкек Алма-Атадан түштүгүрөөк экендиги маалым болсо, биз географиялык картаны карабай эле Ташкент Алма-Атадан түштүгүрөөк жайгашкандыгын логикалык ойлоп, тыянак чыгарабыз. Логикалык чыгаруунун мисалы катары дедуктивдик ой корутунду эсептелет (лат. deductio – чыгаруу). Эгер биз бардык пикирдин субъекти жана предикаты болоорун билсек, ал эми берилген идея пикир болсо анда биз бул эки бүтүмдөн ушул идеянын субъекти жана предикаты бар деген туура тыянак чыгарабыз. Тыянактын тууралыгы бүтүмдүн тууралыгынан көз каранды, б. а. баштапкы пикирлерди салыштыруунун натыйжасында тыянак чыгарылат. Ошондуктан логиканын закондорунун талаптарына ылайык ой жүгүртүү зарыл. Мисал катары төмөнкү ой-корутундуну алсак болот: Бардык металлдар – элементтер. Коло-металл. Коло - элемент. Туура эмес тыянак: коло элемент эмес.

Берилген ой корутундунун жүрүшүндө, кандайдыр бир түшүнүккө ар түрдүү маани берүүгө тыюу салган бирдейлик мыйзамы бузулган. Бул ой корутундуда «металл» түшүнүгү эки жолу колдонулган, бирок эки башка мааниде. Биринчи абалда бардык металлдар-химиялык элементтер катары, экинчи абалда өндүрүштө, чарбада колдонулуучу бардык металлдар жана алардын эритмеси катары. Бул терминди эки башка мааниде колдонуунун натыйжасында биз туура эмес тыянакты алдык. Логиканын башка закондорун бузууга да болбойт. Анткени туура тыянак чыгаруу үчүн туура бүтүмдөр керек. Туура эмес бүтүмдөрдөн кээде туура тыянак чыгып калышы мүмкүн. Маселен, төмөнкү ой корутундуда эки бүтүм тең туура эмес: Шеллинг менен Гегель англичандар болгон; Шеллинг менен Гегель материалисттер болгон; Кээ бир материалисттер англичандар болгон. Ой корутундунун тыянагы туура, бирок эки бүтүмү тең туура эмес (Шеллинг менен Гегель экөө тең немец жана идеалист болушкан).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9