Ичине идиш-аяк, тамак-аш коюлуучу чийден жасалган боз үйдүн эпчи жаккы бөлүгү. Бул (болжолдо 120—150 м) 2—2,5 мм кооз чырмак оюм салынып да, жөнөкөй да токулат. Өң жагы уукка байланган чыгдандын эки жагында үчтөн алты кулагы болот да, босого тарабы ашкана оозу (чыгдан оозу) чий аркылуу тосулат. Урунтуктуу болсун үчүн аяк-башы 10—15 см че кездеме менен капталып, өйдө жагындагы жердикке жарашыктуу сайма көчөттөрү түшүп, түрдүү мончоктолгон «топ чачы» да тагылат.

Чыгдан чырмакта көчөт берүүбүз тийиш болсо, канат чийиндей ар бир тал чийдин эсеби алдын-ала такталат. Ошентип, чырмалган талдар биринен кийин бири тизмектеше байланып, бара-бара оюмдун ажары чыгат. Албетте, мындай ыкма бир гана боз үй көтөргөндө «Чыгданга», «Канат чийге», жана «Эшик чийге» түшкөн көркөм оюм менен көчөттөрдө келтирилет.

Чыгдан чийдин баш-аягы канат чийдей кара жүн менен ийректенет. Эгер көчөттөрдүн фону сары болсо, анда кызыл, көк өңдөр буюм бетине үстөмдүк кылат. Четтерине «бадам оюм», «мүйүз оюму» түшүп, буюмдун ортолугу табакчаланып, ичине келтириле турган көчөттөр «жарым ийректелет». Табакча-табакча болуп түшкөн көчөттүн четтери шарттуу түрдө башка ылайыктуу көчөттөр менен бутактанып кетет. Табакчанын төрт тарабын «ала мончоктоп» койсо да болот. Албетте, ошол «табак оюмдун» көчөтүнүн чок ортосуна дүйнөдөгү тынчтыктын символу болгон сөлөкөттөрдү берип койгон чырмакчылар да бар.

Ашкана чийдин ичине түр шырдактай көркөм көчөт берүүдө чырмакчылар эгер буюмдун фонун жашылдан тандаса, чагаракталып түшүүчү көчөтү кызыл болсо, мунун элементтеринин сыртын сөзсүз мала сарыдан жээктеп кетет. Демек, мында түр чыгданда төрт көлөмдүү көчөттүн ар бири мүйүзчөлөнүп, тегерек төрт элементтен турат да, мунун ичинде «араа тиштенген» ак-карадан «ала мончогу» буюмду жүзүнө чыгарат. түрдөнтүп берүүдө ак, сары, кызыл, көк, жашыл — беш өңдү бири-бирине жупташтырууда чырмакчынын чеберчилиги ого бетер артылат.

Мыкты көркөм көчөттөрү бар чыгданда кадимки шырдак оюмдарынын табакчаларындай көчөт үзүл-кесилсиз түшүп, адатта, көк-кызыл өңдөр беттешип, ар бир табакчадан «кайкалак», «кочкор мүйүз» оюмдары көчөт болуп берилип, алардын ортолоруна үч курдай «омуртка» же «чымын канат» көчөттөрүн келтирүү аркылуу буюмдун кооздугу билинет. Ал мындайынан караганда килем көчөттөрүн да элестетет. Анткени, чий бетиндеги көркөмдүктөр таарга, килемге таасын түшүп, чий буюмдары менен үндөшөт. Чыгдан баштарындагы сайма чырмак көчөттөрүнө жупташат. Анда «тогуз төбө», «мүйүз», «жагалмай канат» өңдүү оюм-көчөттөр ирээти менен кайталанып, чачысы кадимки «тегирич», «күзгү кап», «текче» сыяктуу буюмдардыкындай болот. Буга «кылыч байлоо», «тор чачык» өңдүүлөр мүнөздүү болот. Көчөт табакчалары бир чечүүчү ойду туюндурат. Эл арасында «бул жүрөк оюму менен бүтүптүр», «Буга мүйүз оюму түшүптүр», «Мунусу болсо табак оюму» деген бүтүм ойлор айтылат. Ансыз негизги оюм менен четтик оюмдардын жүзү ачылбайт да, ички кооздуктарда чачышуулар, «өзүм билемдиктер», «баш аламандыктар» пайда болот. Жалпы алганда чырмакта кочкул кызылга, кызыл же, тескерисинче, мала кызылга, кочкул кызыл «жээк», «аламач», «ала мончок» болсо ошондо буюмдун өңүн башкача ача алат.

Чыгданда «кырк шак» көчөтү көңүлдүн борборуна алынат. Ал көк өңдө берилсе, фону кызыл көрүнүп, көчөт ортосун сары түс аркылуу ачат. Буюмдун четтери ак менен курчалат. Ушундай көчөт түшүрүү ыкмасы «канат чийде» да дал өзүндөй төптүктө сакталган.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)