Чыгыш Европа платформасы

Чыгыш Европа платформасы, орус платформасы - жер кыртышынын салыштырмалуу тынч абалда турган ири аймактарынын (аянты 5,5 млн. км2) бири; байыркы (рифейге чейинки) платформалардын катарына кирет.

Ал Чыгыш Европаны кучагына алып, түндүк-батышынан Скандинавия, чыгышынан Урал, түштүгүнөн Карпат, Крым жана Кавказ тоо кыркалары, түндүк-чыгышынан жана түндүгүнөн Тиман токол тоосу, Кола ж. а-нын жээктери менен чектелет. Түштүк-батыш жагы Борбордук Европа түздүгүнөн (Варшавага жакын) түндүк-батышта Балтика деңизине чейин созулат. Фундаментин гнейстерге, кристаллдуу сланецтерге айланган өтө метаморфизмделген, кембрийге чейин пайда болгон жанартоо жана чөкмө тектер түзүп, Балтика калканында жана Украина массивинде жер бегине чыгып жатат. Орус плитасынын чегинде фундаментинин үстүн рифейден антропогенге чейин калыптанган чөкмө тоо тектер (ныкталган чопо, кумдук, квардит, эффузия ж. б.) жаап жатат. Негизги структурасы болуп, ошондой эле антеклизалар (Беларус, Воронеж, ВолгаУрал), синеклизалар (Балтика, Москва, Каспий алды) жана авлакогендер (Днепр-Дон, Орто Орус ж. б.) эсептелет. Фундаментинде темир (Курск магнит аномалиясы ж. б.), жез, никель, титан, слюда, пегматит, апатит, жабындысында газ, нефть, таш жана калий туздары, таш көмүр, фосфорит, боксит ж. б. кендер кездешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4