Чыгыш поэзиясынын жанрлары

Чыгыш поэзиясынын жанрлары. Бүгүнкү күнгө жеткен адабий чыгармаларды анализдөө менен Чыгыш элдеринин поэзиясы (өзгөчө иран, парсы, араб адабияты) негизинен эпикалык жана лирикалык багытта өскөнүн көрүүгө болот. Эпикалык поэзияда философиялык, дидактикалык, романтикалык — сүйүү, баатырдык жана накта философиялык мазмундагы дастандар жазылган. Лирикалык поэзиянын негизги жанрлары — газал, мустазод, мусаммат, таржебанд, масновий, касида, нама, мунозара, марсия, масал, китьа, рубай, туюк, фард, музммо, чистой, табрих (терминдер араб тилинде берилди), айрымдарынын Батыш адабият таануу илиминде эквивалент — түшүнүктөрү, маанилери да бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү